Хакан Фидан Украинага барды

Хакан Фиданды Украинанын борбор шаары Киевде Украинанын президенти Владимир Зеленский кабыл алды.

2029300
Хакан Фидан Украинага барды
hakan fidan kiev ukrayna.jpg
ukrayna andriy yermak-hakan fidan.jpg
zelenskiy-hakan fidan.jpg

Тышкы иштер министри Хакан Фидан 3 күндүк Ирак сапарынан кийин Украинага барды.

Хакан Фиданды Украинанын борбор шаары Киевде Украинанын президенти Владимир Зеленский кабыл алды.

Жолугушуудан кийин биринчи билдирүү Зеленскийден келди. 

Зеленский министр Фидан менен Кара деңиз дан коридорун сүйлөшкөндөрүн айтты. 

Фидан иш сапарынын алкагында Украина президентинин аппаратынын жетекчиси Андрей Ермак менен да жолугушту.

Бул сапар Хакан Фидандын тышкы иштер министри катары Украинага жасаган биринчи сапары болду.

Түркия 2022 - жылдын 24 - февралынан бери уланып жаткан Россия  - Украина согушунун башталышынан бери Россия  менен Украинанын ортосунда ортомчу ролу менен алдыга чыкты. 

Жүргүзүлгөн дипломатиялык жолдор менен дан коридору, туткундарды алмаштыруу жана АКШ менен Россиянын ортосундагы өзөктүк чыңалуунун  тирешүүнүн басаңдашына чоң салым кошулду.


 



Тектеш кабарлар