Улуттук чалгындоо уюму операция жүргүздү

Операцияда үч террорист кармалды.

2022789
Улуттук чалгындоо уюму операция жүргүздү

Улуттук чалгындоо уюму (MİT) тарабынан Сириянын түндүгүндө жүргүзүлгөн операцияда кол салууга даярданган 3 ДЕАШ террористи кармалды.

Коопсуздук булактарынан алынган маалыматка караганда, Сирияда MİT жана Сирия Улуттук Армиясы (СМО) тарабынан жүргүзүлгөн иштердин негизинде террордук уюм ДЕАШтын карамагындагы жооптуу деңгээлде иш алып барган уюмдун элементтери аныкталды.

MİTтин чалгындоо жана оперативдүү колдоосу менен «Тынчтык булагы» операциясы аймагында СМОго караштуу жергиликтүү коопсуздук күчтөрү тарабынан жүргүзүлгөн операциялардын натыйжасында 3 ДЕАШ террористи кармалды.

Операцияларда көп сандаган жардыруучу зат жана ок-дарылар да колго түшүрүлдү.

MİTтин Сирия жана башка аймактарда террордук топторго каршы күрөшүн чечкиндүүлүк менен улантып жатканы, Түркиянын террор менен күрөшүү иштерин ДЕАШ, Аль-Каида жана ПКК сыяктуу террордук уюмдарга эч кандай айырмачылык кылбастан улантканы белгиленди.



Тектеш кабарлар