Фидан Эл аралык Өнүгүү жана миграция конференциясына катышты

Тышкы иштер министри Хакан Фидан кечээ Римде Италиянын премьер-министри Жоржия Мелонинин кожоюндугунда өткөрүлгөн Өнүгүү жана миграция боюнча эл аралык конференцияга катышты.

2015090
Фидан Эл аралык Өнүгүү жана миграция конференциясына катышты

Тышкы иштер министри Хакан Фидан, Жер Ортолук деңиз өлкөлөрү башынан өткөргөн орток кыйынчылык катары сыпаттаган мыйзамсыз миграция менен күрөшүүдө аймактык кызматташтыктын маанилүү экенин айтты.

Министр Фидан кечээ Римде Италиянын премьер-министри Жоржия Мелонинин кожоюндугунда өткөрүлгөн Өнүгүү жана миграция боюнча эл аралык конференцияга катышты.

Басма сөзгө жабык өткөн жыйында министр Фидан да сөз сүйлөдү.

Дипломатиялык булактардан алынган маалыматка караганда Фидан мыйзамсызз миграциянын Жер Ортолук деңиз өлкөлөрү башынан өткөргөн орток сыноо экенин белгилеп, мыйзамсыз миграция менен күрөшүүдө аймактык кызматташтыктын маанисине көңүл бурду.

Иммиграцияны токтотуунун маанисин баса белгилеген министр Фидан бул үчүн кагылышуулардын жана экономикалык көйгөйлөрдүн жоюлушу керектигин айтты.

Тышкы иштер министри Фидан өлкөлөрдүн ортосундагы жүктү бөлүштүрүүнүн маанилүүлүгүн баса белгилеп, бардык өлкөлөрдү ксенофобия жана жек көрүүчүлүк кылмыштарынын алдын алууга жана адамдык ар-намысты коргоо үчүн сабырдуулук маданиятын өнүктүрүүгө чакырды.



Тектеш кабарлар