Эрдоган Теббун менен жолугушту
Президент Режеп Таййип Эрдоган кечээ Алжир Элдик Демократиялык Республикасынын Президенти Абдулмежид Теббун менен жолугушту.
Президент Режеп Таййип Эрдоган кечээ Алжир Элдик Демократиялык Республикасынын Президенти Абдулмежид Теббун менен жолугушту.
Стамбулдагы Долмабахче Эмгек кеңсесинде болгон жолугушууда Түркия менен Алжирдин ортосундагы эки тараптуу карым-катнаштар жана эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтыкты жакшыртуу үчүн ташталышы мүмкүн болгон кадамдар талкууланды.
Эрдогандын конок президент Теббун менен жолугушуусунан кийин делегациялар ортосундагы сүйлөшүүлөр башталды.
Президент Эрдоган сүйлөшүүлөр аяктагандан кийин коноктордун урматына сый тамак берди.
Тамактан кийин Теббун жана аны менен кошо жургөн делегация ушул жерден жөнөп кетишти.
Тектеш кабарлар
Түрк желеги Нью - Йоркто желбиреди
Америка Кошмо Штаттарында 19 - Май Ататүрктү эскерүү, жаштар жана спорт майрамы белгиленди.
Түркия Афганистанга жардам жөнөттү
Жардамдар 2 миң жууркан, 14 миң 300 килограмм азык-түлүк жана 7 тонна дары-дармектен турат.