Террор менен күрөш улантылууда
Метинага жүргүзүлгөн аба операциялары менен жикчил террордук уюмдун мүчөсү 5 террористтин жок кылынгандыгы маалымдалды.
2014675
Ирактын түндүгүндө "Чеңгел - Кулпу" операциясы аймагында Метинага жүргүзүлгөн аба операциялары менен жикчил террордук уюмдун мүчөсү 5 террористтин жок кылынгандыгы маалымдалды.
Улуттук коргоо министрлигинин социалдык медиа эсеби Твиттерден берилген маалыматта : "Мехметчик Ирактын түндүгүндөгү террористтерди жок кылууда. "Чеңгел - Кулпу" операциясы аймагындагы Метинада аныкталган ПККнын 5 террористти абадан жүргүзүлгөн операцияда жок кылынды. Түрк куралдуу күчтөрүбүз акыркы бир террорист жок кылынганга чейин операцияларды чечкиндүүлүк менен улантат",- деп билдирилди.