Сауд Арабиянын коргоо министри Түркия менен түзүлгөн келишимге баа берди

Бин Салман Твиттердеги баракчасында Түркия Республикасынын Улуттук Коргоо министрлиги менен Сауд Арабия Королдугунун Коргоо министрлигинин ортосундагы Кызматташтыкты ишке ашыруу планы тууралуу билдирүү жасады.

2012949
Сауд Арабиянын коргоо министри Түркия менен түзүлгөн келишимге баа берди

Сауд Арабиянын коргоо министри Халид бин Салман Түркия менен коргонуу тармагында кызматташууну белгилеген аткаруу планына кол коюудан кубанычта экенин билдирди.

Бин Салман Твиттердеги баракчасында Түркия Республикасынын Улуттук Коргоо министрлиги менен Сауд Арабия Королдугунун Коргоо министрлигинин ортосундагы Кызматташтыкты ишке ашыруу планы тууралуу билдирүү жасады.

Сауд Арабиянын Коргоо министри төмөнкү билдирүүлөрдү колдонду:«Мен Түркия Республикасынын улуттук коргоо министри Яшар Гүлер менен эки дос өлкөнүн коргонуу жана аскердик кызматташтыгын ишке ашыруу планына кол коюудан кубанычтамын».

Сауд Арабиянын Коргоо министрлигинин Байкардан учкучсуз учуучу аппараттарды сатып ала турганын жарыялаган Бин Салман, Коргоо министрлиги менен Байкардын ортосунда куралдуу күчтөрдүн даярдыгын арттыруу, өлкөнүн коргонуу жана өндүрүштүк кубаттуулугун жогорулатуу үчүн учкучсуз учуучу аппараттарды сатып алуу келишимине кол коюлганын айтты.



Тектеш кабарлар