Абазович: «Түркия Батыш Балканда чечүүчү өлкөгө айланды»

Ислам Кызматташтык Жаштар Форуму (ICYF) тарабынан уюштурулган Келечектеги Лидерлер Аткаруу Программасынын (FLEP) алкагында Стамбулга келген Абазович Түркия-Черногория карым-катнаштары тууралуу билдирүүлөрдү жасады.

2004111
Абазович: «Түркия Батыш Балканда чечүүчү өлкөгө айланды»

Черногориянын премьер-министри Дритан Абазович Түркиянын Батыш Балканда чечүүчү өлкөгө айланганын белгиледи.

Ислам Кызматташтык Жаштар Форуму (ICYF) тарабынан уюштурулган Келечектеги Лидерлер Аткаруу Программасынын (FLEP) алкагында Стамбулга келген Абазович Түркия-Черногория карым-катнаштары тууралуу билдирүүлөрдү жасады.

Абазович президент Режеп Таййип Эрдогандын аймактык лидерлер менен ийгиликтүү карым-катнаштарынын Түркияны Батыш Балкандагы «чечүүчү өлкө» кылганын баса белгиледи.

Түркиянын Балканда Европа Биримдиги (ЕБ) жана АКШ сыяктуу таасирдүү роль ойной баштаганын белгилеген Абазович: «Президент Эрдоган Балкандагы көйгөйлүү тараптарды үстөлгө келүүгө жана аймактагы көйгөйлөргө туруктуу чечимдерди табууга ынандыра ала турган адам. Мен Сербия менен Косово ортосундагы чыңалууда Түркиянын ортомчулук ролу абдан маанилүү деп ойлойм. Мен президент Эрдоган Балкандагы ушул жана башка маселелерге көбүрөөк көңүл бурт деп үмүттөнөм. Бул аймакта тынчтык жана ырааттуулуктун камсыздалышы үчүн өтө маанилүү»,-деди.

Түркиянын супер держава катары бүткүл дүйнө менен достук карым-катнаштарын улантып жатканын белгилеген Абазович: «Дүйнөдө мунун бир мисалы жок, Түркиянын глобалдык дипломатияда таштай турган бардык кадамдары аймактагы өлкөлөр үчүн да, Балкан өлкөлөрү үчүн да баалуу»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар