Эрдоган: «Анкара Түркиянын ылдам поезд борборуна айланат»

Президент Режеп Таййип Эрдоган борбордогу Улут бакчасында өткөрүлгөн Анкара митингде сөз сүйлөдү.

1981187
Эрдоган: «Анкара Түркиянын ылдам поезд борборуна айланат»

Президент Режеп Таййип Эрдоган, курулуп жаткан линиялар жана долбоор аяктаганда Анкара Түркиянын ылдам поезд борборуна айлана турганын айтты.

Президент Эрдоган борбордогу Улут бакчасында өткөрүлгөн Анкара митингде сөз сүйлөдү.

Анкараны көрктөндүрүү үчүн 21 жылдан бери иштешкендерин жана шаарга 605 миллиард лиралык мамлекеттик инвестиция салгандарын түшүндүргөн Эрдоган, Анкараны ылдам поезд линиялары менен; Эскишехир, Билежик, Конья, Сакария, Кожаели жана Стамбул менен байланыштыргандарын айтты.

Анкара-Кырыккале-Йозгат-Сивас ылдам жүрүүчү поезд линиясын ушул жумада ишке киргизгендерин белгилеген Эрдоган: «Биз 2025-жылы Анкара-Измир жогорку ылдамдыктагы поезд линиясын ачууну көздөп жатабыз. Курулуп жаткан линиялар жана долбоор аяктаганда Анкара бүткүл Түркиянын жогорку ылдамдыктагы поезд борборуна айланат»,-деди.

Эрдоган Анкаранын акыркы 21 жылда жасалган инвестиция менен коргоо өнөр жайынын да борбору болгонун белгиледи.



Тектеш кабарлар