Министр Акар: "10 террорист жок кылынды"
Акар «Зайтун бутагы» жана «Евфрат калканы» база аймактарындагы террордук кол салууларга байланыштуу билдирүүлөрдү жасады.
Улуттук коргоо министри Хулуси Акар, жикчил террордук уюм ПКК/ЙПГнын Сириянын түндүгүндө 4 аскерди жаралаган кол салуусуна эселентип жооп кайтарылганын жана 10 террористтин таасирсиз кылынганын маалымдады.
Акар Сириянын түндүгүндө «Зайтун бутагы» жана «Евфрат калканы» база аймактарына болгон террордук кол салууларга байланыштуу билдирүүлөрдү жасады.
Министр Акар өз сөзүндө, аныкталган бардык террордук буталардын аткыланганын айтып: «4 аскерибиз жарадар болду, аларды дарылоо уланууда. Террористтердин жалгыз кутулуу жолу адилеттикке багынып берүүлөрү. 10 террорист таасирсиз абалга келтирилди»,- деди.
Акар: «Биздин бирден-бир максатыбыз улутубузга курал кезеген террористтерге каршы туруу. Чек араларыбызды коргоо жана коопсуздук үчүн күрөшүбүздү улантууга чечкиндүүбүз»,- деди.
Тектеш кабарлар
Австриянын тышкы иштер министри Түркияга келет
Тышкы иштер министрлиги сапарга байланыштуу жазуу түрүндөгү билдирүү жасады.