Чавушоглунун дипломатиялык сүйлөшүүлөрү

Чавушоглу кесиптештери менен сүйлөшүү өткөрдү.

1961473
Чавушоглунун дипломатиялык сүйлөшүүлөрү

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу Түркмөнстандын тышкы иштер министри Рашид Мередов, Ирандын тышкы иштер министри Хүсейин Эмир Абдуллахиян жана Азербайжандын тышкы иштер министри Жейхун Байрамов менен өз-өзүнчө телефон аркылуу сүйлөштү.

Министрликтин маалыматына караганда, Чавушоглу түркмөнстандык кесиптеши Мередов, ирандык кесиптеши Абдуллахиян жана азербайжандык кесиптеши Байрамов менен сүйлөшүү өткөрдү.

Мередов министр Чавушоглуна кечээ Анкарада өткөрүлгөн Түрк мамлекеттер уюмунун (ТМУ) кезексиз саммитине карата куттуктоосун айтты.

Эки министрдин сүйлөшүүсүндө, Түркия менен Түркмөнстандын ортосундагы эки тараптуу карым-катнаштар да талкууланды.

Чавушоглу ирандык кесиптеши Абдуллахиян менен аймактык маселелерди сүйлөштү.

Министр Чавушоглу менен азербайжандык кесиптеши Байрамовдун сүйлөшүүсүндө болсо аймактык абалдар каралды.



Тектеш кабарлар