Европа Биримдиги Комиссиясынын мүчөсү Вархели Түркияга келет

Европа Биримдиги Комиссиясынын басма сөз катчысы Дана Спинант, Хатайда кечээ болгон 6,4 жана 5,8 баллдык жер титирөөлөр үчүн көңүл айтты.

1949506
Европа Биримдиги Комиссиясынын мүчөсү Вархели Түркияга келет

Европа Биримдиги (ЕБ) Комиссиясынын кеңейүүдөн жооптуу мүчөсү Оливер Вархели, очогу Кахраманмараш болгон 6-февралдагы жер титирөөлөрдөн кийин Евробиримдиктин Түркия жана Сириядагы жер титирөөдөн жабыркагандар үчүн 16-мартта өткөрө турган донорлор конференциясына даярдык көрүү максатында Түркияга келет.

Европа Биримдиги Комиссиясынын басма сөз катчысы Дана Спинант, Хатайда кечээ болгон 6,4 жана 5,8 баллдык жер титирөөлөр үчүн көңүл айтты.

Спинант Европа Биримдиги Комиссиясынын кеңейүүдөн жооптуу мүчөсү Оливер Вархели эртең Түркияга келе турганын жана тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу менен жолугушуусунда 16-мартта Бельгиянын борбор шаары Брюсселде боло турган донорлор конференциясы жана жер титирөөдөн жабыркагандар үчүн Европа Биримдигинин жардамдары тууралуу маалыматтарды бөлүшө турганын айтты.

«Конференциянын максаты - донорлорду координациялоо жана зыянга учураган аймактарга жардам жана реконструкциялоо үчүн каражат чогултуу»,-деп айткан Спинант конференция түрк бийлиги менен биргеликте өткөрүлөрүн кошумчалады.

Вархели Твиттер эсебинен жасаган билдирүүсүндө: «Эл аралык донорлор конференциясына барар алдында Түркияда дагы бир катуу жер титирөө болду. Каза болгондордун жакындарына көңүл айтабыз. ЕБ Түркиянын жанында. Бул оор күндөрдө колдообуз жана тилектештигибиз бузулгус»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар