Өлкөнүн ар тарабында Швецияга каршы чыгуулар болуп жатат

Швецияда Куранга болгон урмат-сыйсыздыкка өлкөнүн бардык тарабынан каршы чыгуулар болду.

1936263
Өлкөнүн ар тарабында Швецияга каршы чыгуулар болуп жатат
istanbul isvec tepki.jpg
afyon cami.jpg

Швецияда Куранга болгон урмат-сыйсыздыкка өлкөнүн бардык тарабынан каршы чыгуулар болду.

Стамбулда Түркиянын Жаштар Фондунун мүчөлөрү Таксим мечитинде чогулушту. Чогулган эл эртең мененки намаздан кийин Швеция консулдугун көздөй жөнөштү. Чыгып сүйлөгөн сөздөрдө бул каргашалуу аракетке жол берген Швециянын өкмөтү айыпталды.

Баш калаа Анкарада Швеция элчилигинин алдында нааразылык акциясы өттү.

Бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү ураан чакырып, өз реакцияларын билдиришти. Бул жерде айтылган сөздөрдө Куранды урматтабоо адамзатка каршы жасалган кылмыш экени баса белгиленди.

Антальяда Калеичиндеги Йивлиминаре мечитинде багымдат намазы үчүн кары жашы дебей чогулушту. Швециядагы провокацияга каршы тарыхый мечитте Курани Карим окулду.

Афьонкарахисарда да таңкы намаздан кийин куран окулду.

Диярбакырда багымдат намазынан кийин маалымат жарыяланды.

Басма сөзгө маалыматтандырууда «Ислам – сабырдуулуктун жана ырайымдуулуктун дини, ал эми Куран – ааламдардын Раббиси Аллахтын сөзү, ал акыркы ыйык китеп...», деп айтылды.

Карстагы Эвлия мечитинин алдына чогулган калың эл, көптөн бери террор менен кол кармашып жүргөн жана Түркияга болгон душмандыгын саясат деп ойлогон Швецияны бул коркунучтуу мамилесинен тез арада баш тартууга чакырышты.



Тектеш кабарлар