Улуттук коопсуздук кеңешинин билдирүүсү

Президент Режеп Таййип Эрдогандын жетекчилигинде Президенттик комплексте өткөн  Улуттук коопсуздук кеңешинин жыйынынан кийин билдирүү жарыяланды.

1913645
Улуттук коопсуздук кеңешинин билдирүүсү

Улуттук коопсуздук кеңеши (УКК) Түркиянын түштүк чек араларында жүргүзүлгөн операциялардын жалгыз бутасынын террордук уюмдар экенин белгилеп, аймакта кандайдыр бир террордук уюмдун болушуна жана ишмердүүлүгүнө уруксат берилбей турганын баса белгиледи.

Президент Режеп Таййип Эрдогандын жетекчилигинде Президенттик комплексте өткөн  Улуттук коопсуздук кеңешинин жыйынынан кийин билдирүү жарыяланды.

Билдирүүдө, жыйналышта террордук уюмдар ПКК/КЖК, ПЙД/ЙПГ, ФЕТӨ жана ДЕАШ баш болгон улуттук биримдикке, тилектештикке жана жашоого кастык кылган ар кандай коркунуч жана коркунучтарга каршы өлкө ичинде жана тышында берилгендик, чечкиндүүлүк жана ийгилик менен жүргүзүлгөн операциялар тууралуу Кеңешке маалымат берилгени жана кошумча чаралардын сүйлөшүлгөнү белгиленди.

Түркиянын түштүк чек араларында жүргүзүлгөн операциялардын бирден бир бутасы террордук уюмдар экени белгиленген билдирүүдө:«Улуу элибиздин жана уникалдуу өлкөбүздүн коргонуусун жана коопсуздугун камсыз кылуу максатында, БУУнун Уставынын 51-беренесинин алкагында түштүк чек араларыбызда жүргүзүлгөн операциялардын бирден-бир бутасы террордук уюмдар экени,  аймагыбызда чек араларыбызды, шаарларыбызды, жарандарыбызды жана коопсуздук күчтөрүбүздү бутага алган кандайдыр бир террордук уюмдун болушуна жана ишмердүүлүгүнө жол берилбей турганы жана бул үчүн керектүү ар бир кадамдын чечкиндүү түрдө жасала турганы баса белгиленди»,-деп айтылды.

Түркиянын макулдашуучу жана чын ыкластуу мамилеси жана чечимге багытталган диалог сунуштарына кайдыгер караган Грециянын аскердик эмес аралдарды куралдандыруусу баш болгон эл аралык укук жана келишимдерди бузган иш-аракеттерин эң кыска мөөнөттө токтотуусу күтүлгөнү баса белгиленген билдирүүдө, Түрк дүйнөсүнүн ажырагыс бир бөлүгү болгон Кипр түрктөрүнүн адилеттүү иштерине берилген колдоонун чечкиндүүлүк менен улана турганы жана башка эл аралык уюмдар менен өлкөлөрдүн да ушундай кадамдарды ташташы керектиги белгиленди.



Тектеш кабарлар