Өмер Челиктин Европа Биримдигинин сындоолоруна жообу

Адилеттик жана өнүгүү партиясынын (АК Партия) төрага орун басары жана партиянын басма сөз катчысы Өмер Челик социалдык медиа эсебинен сындоолорго жооп кайтарды.

1905739
Өмер Челиктин Европа Биримдигинин сындоолоруна жообу

Адилеттик жана өнүгүү партиясынын (АК Партия) төрага орун басары жана партиянын басма сөз катчысы Өмер Челик, Түндүк Кипр Түрк Республикасынын (ТКТР) Түрк Мамлекеттер Уюмуна (TМУ) мүчөлүгүнө байланыштуу Европа Биримдигинен (ЕБ) келген сындарга байланыштуу билдирүү жасады.

Челик, социалдык медиа эсебинен:«Европа Биримдигинин Түндүк Кипр Түрк Республикасынын ТМУга байкоочу мүчө болушуна байланыштуу билдирүүсү адилетсиз жана эки жүздүү бир билдирүү. ЕБ Кипр маселесинде Греция менен Рум башкаруучулугун жетелөөсүндө баратат»,-деп өз баасын берди.

Бул билдирүүлөрдүн жараксыз экенин баса белгилеген Челик: «Кипр түрктөрү эл аралык коомчулуктун кадыр-барктуу мүчөсү. Түндүк Кипр Түрк Республикасынын ТМУнун байкоочу мүчөсү болушу туура жана абдан табигый нерсе. Евробиримдиктин Түндүк Кипр Түрк Республикасын көрмөксөнгө салууга аракет кылган мамилеси тарыхый жана саясий жактан принципсиздик болот. Президентибиз (Режеп Таййип Эрдоган)  TМУ жыйналышында баса белгилегендей Түндүк Кипр Түрк Республикасынын укуктарын жана кызыкчылыктарын бардык негизде коргоону улантабыз»,-деди.



Тектеш кабарлар