"Абдулхамид Хан" кемеси Ташужу портуна кайтып келди
"Абдулхамид Хан" бургулоо кемеси Жер Ортолук деңизиндеги Йөрүклер - 1 аянтындагы ишин аяктады.
1903942
Түркиянын көмүртек издөө иштерине катышкан 4 - бургулоо кемеси "Абдулхамид Хан" оңдоо жана техникалык камсыздоо үчүн Мерсиндин Ташужу портуна жакын жерге кайтып келди.
Президент Режеп Таййип Эрдогандын катышуусу менен 9 - августта Ташужу портунда төткөрүлгөн азем менен узатылган "Абдулхамид Хан" бургулоо кемеси Жер Ортолук деңизиндеги Йөрүклер - 1 аянтындагы ишин аяктады.
Биринчи нөөмөт станциясындагы иш-чаралардан кийин Мерсинге кайтып келген 238 метр узундуктагы, 42 метр кеңдиктеги кеме Ташучу портунун жакындарына якорь таштады. Кеме логистика жана техникалык камсыздоо иштери үчүнпортко келип токтойт.