Эрдоган: «Өз көз карашын аныктаган жана бул багытта керектүү кадамдарды таштаган Түркия бар»

Президент Эрдоган борбор шаар Анкарада өткөрүлгөн иш-чарада сөз сүйлөдү.

1852988
Эрдоган: «Өз көз карашын аныктаган жана бул багытта керектүү кадамдарды таштаган Түркия бар»

Президент Режеп Таййип Эрдоган, эми өз көз карашын аныктаган жана бул багытта чечкиндүүлүк менен керектүү кадамдарды таштаган Түркиянын бар экенин айтты.

Президент Эрдоган борбор шаар Анкарада өткөрүлгөн иш-чарада сөз сүйлөдү.

Эрдоган, өткөндө бул өлкөнүн тикесинен тик туруусуна тоскоол болгондордун көзүрлөрүн сабырдуу күрөш менен биринин артынан бирин колдорунан алып коюшканын айтты.

Эми өз көз карашын белгилеген жана бул багытта чечкиндүү кадамдарды таштаган Түркиянын бар экенин баса белгилеген Эрдоган: «Билим берүүдөн саламаттыкты сактоого, коопсуздуктан адилеттүүлүккө, транспорттон энергетикага, шаар пландоодон социалдык колдоолорго чейин ар бир тармакта күчтүү инфраструктурасы менен максаттарында багытталган бир Түркия бар./.../ Глобалдык каржы кризиси, глобалдык саламаттык сактоо кризиси, Орусия-Украина согушу сыяктуу дүйнөдө болуп жаткан кыйын сыноолор Түркия ээ болгон бул күчтү дагы да баалуу жана маанилүү кылды. Биздин өлкө дүйнөдөгү эң өнүккөн 10 мамлекеттин катарынан өзүнүн татыктуу ордун ээлөөгө мурдагыдан да жакын»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар