Сомалинин президенти: «Түркия менен көмүр суутек кору боюнча сүйлөшүүлөрдү баштадык»

Президент Режеп Таййип Эрдогандын чакыруусу менен 3-5-июль күндөрүнүн аралыгында Түркияга келген Сомалинин президенти Хасан Шейх Махмуд басма сөзгө маалымат берди.

1852099
Сомалинин президенти: «Түркия менен көмүр суутек кору боюнча сүйлөшүүлөрдү баштадык»

Сомалинин президенти Хасан Шейх Махмуд Түркия жана Сомали өкмөттөрүнүн өлкөсүнүн көмүр суутек кору боюнча кызматташуу сүйлөшүүлөрүн жүргүзүп жатканын билдирди.

Президент Режеп Таййип Эрдогандын чакыруусу менен 3-5-июль күндөрүнүн аралыгында Түркияга келген Махмуд басма сөзгө маалымат берди.

Түркия менен Осмон империясынан баштап тарыхый карым-катнаштар бар экенин баса белгилеген Махмуд, президент Эрдогандын премьер-министрлик кызматында (2011) Сомалиге баруусу менен бул карым-катнаштын жанданганын айтты.

Эрдогандын сапарынын маанисине көңүл бурган Махмуд, бул сапардын өлкөсүнүн дүйнөгө ачылышы үчүн бир мүмкүнчүлүк болгонун айтты.

Махмуд: «Ошондон кийин Түркия мамлекет куруу, гуманитардык, коопсуздук, коргонуу, террорчулар менен күрөшүү жагынан эң кыйын мезгилде биз менен бирге болду.Ошондуктан бул улуу өлкөнүн жана элинин биз үчүн өзгөчө мааниси бар»,- деди.

Сомалинин көмүр суутек кору жөнүндөгү суроо боюнча Махмуд мындай деди: «Бүгүнкү күндө Сомалинин көмүртектүү потенциалы боюнча абдан жакшы маалыматтар бар, бирок бул маалыматтар жетишсиз»,- деди.

Сомалинин Африканын эң чоң (деңиз) жээгине ээ экенин белгилеген Махмуд, бүт аймактын али изилдене электигин айтты.

Сомалинин президенти Түркия менен көмүр суутек кору боюнча кызматташууга токтолуп: «Түркия технология, билим жана техникалык тажрыйба жагынан абдан өнүккөн өлкө. Түркия менен Сомали өкмөтүнүн ортосунда бул углеводород маселеси боюнча биргелешип иштешүү боюнча белгилүү процесстер жана сүйлөшүүлөр бар. Бул биз үчүн приоритеттүү тармак. Биз Түркия өкмөтүнө ишенебиз. Өнөктөш катары биз Түрк компанияларына ишенебиз. Көмүр суутек боюнча өкмөттөр аралык өнөктөштүк маселесин талкуулай баштадык. Биз алгачкы этаптабыз, чогуу иштеп жатабыз»,-деп айтты.

Геосейсмикалык изилдөөлөр Сомалиде кеминде 30 миллиард баррел мунай жана газ кору болушу мүмкүн экенин көрсөтүп турат.



Тектеш кабарлар