МИТ ПККнын Түндүк Ирактагы улук башкаруучусу делген кишисин жок кылды

Уюмдун мүчөлөрү менен жолугушуунун орду аныкталгандан кийин Демирге карай операция үчүн чара көрүлдү.

1851531
МИТ ПККнын Түндүк Ирактагы улук башкаруучусу делген кишисин жок кылды

Улуттук чалгындоо уюмунун (МИТ) Ирактын түндүгүндө жүргүзгөн операциясы менен жикчил террордук уюм ПККнын улук башкаруучусу делген кишиси жок кылынды.

Коопсуздук булактарынан алынган маалыматка караганда, террордук уюмдун куралдуу аракеттери башкарылган ПКК-ХПГ деп аталган кеңештин мүчөсү жана уюмдун аялдар уюму YJA-STARдын улук башкаруучусу делген  «Берфин Нурхак» каймана аттуу  террорист Ханым Демир MIT тарабынан Ирактын түндүгүндө байкоого алынды.

Уюмдун мүчөлөрү менен жолугушуунун орду аныкталгандан кийин Демирге карай операция үчүн чара көрүлдү. Демир жана аны коштогон ПКК мүчөлөрү Ирактын түндүгүндөгү Гарада таасирсиз кылынды.

Террорист Демирдин 1990-жылдары террордук уюм ПККга кошулганы жана коопсуздук күчтөрүнө каршы көптөгөн кыймылдардын пландоочуларынын арасында болгону белгилүү болду.

Уюмда террордук аракеттерин Синжар жана Гарада ишке ашырган Демирдин уюмдун кызматкерлерине идеологиялык жана куралдуу билим бергени аныкталды.

МИТ 2021-жылы «Софи Нуреттин» каймана аттуу террорист Халаф ел-Мухаммадды жок кылгандан кийин, уюмдун анын ордуна террорист Демирди дайындаганы белгилүү болду.



Тектеш кабарлар