Эрдоган ТЕКНОФЕСТ Азербайжандын Тандамал байкоочу күнүнө катышып сөз сүйлөдү

Азербайжандын эгемендүүлүк күнүндө бул өлкөдө болуудан кубанычтуу экендигин айткан Эрдоган орток тарыхтан алынган шык менен эки өлкөнүн ортосундагы достук, биримдикти дагы да бекемдегендерин белгиледи.

1834056
Эрдоган  ТЕКНОФЕСТ Азербайжандын Тандамал байкоочу күнүнө катышып сөз сүйлөдү

Азербайжандын президенти Илхам Алиевдин чакыруусу менен бүгүн Азербайжанга барган президент Эрдоган Түркия тышында биринчи жолу борбор шаар Бакуда өткөрүлгөн "Авиация, космос жана технология фестивалы ТЕКНОФЕСТ Азербайжандын"  Тандамал байкоочу күнүнө катышып сөз сүйлөдү. ​​​​​​

Азербайжандын эгемендүүлүк күнүндө бул өлкөдө болуудан кубанычтуу экендигин айткан Эрдоган орток тарыхтан алынган шык менен эки өлкөнүн ортосундагы достук, биримдикти дагы да бекемдегендерин белгиледи.

"Анадолу сыяктуу бул жер да биздин жерибиз, Түркиянын ар бир карышы сиздердин да жериңиздер",- деген Эрдоган эки тараптуу карым  - катнаштарды бир гана аймакка эле эмес, бүткүл дүйнөгө үлгү боло тургандай деңгээлге алып келгендерин айтты. 

Бардык адилетсиздиктерге жана мыйзамсыздыктарга карабастан дипломатия, экономика жана маданият боюнча бир дастан жазган Азербайжан менен сыймыктанышкандарын баса белгилеген президент Эрдоган: "Биз кысым менен коркутуу менен коркутулгандардан болгон жокпуз, эч качан болбойбуз. Биз ар кандай чөйрөдө баскынчылыкка жана адилетсиздикке каршы чындыкты айтуудан, укугубузду  коргоодон тайган жокпуз. Эч кимдин жерине, эгемендгинде көзүбүз жок. Жаман ниеттүү адамдарга да бере турган бир карыш жерибиз жок, болбойт да",- деди. 

Эрдоган аймактык тынчтык жана туруктуулук үчүн Алиевдин Армения менен курууну каалаган туруктуу тынчтыкты Түркия катары күчтүү түрдө колдошкондорун айтты. 

 

 



Тектеш кабарлар