Чавушоглу-Аббас жолугушуусу

Махмуд Аббас жолугушууларынын алкагында Рамаллага барган тышкы иштер министри Чавушоглуну кабыл алды.

1832085
Чавушоглу-Аббас жолугушуусу

Палестинанын мамлекет башчысы Махмуд Аббас тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу менен Палестина маселесин жана аймактагы учурдагы абалды сүйлөштү.

Махмуд Аббас жолугушууларынын алкагында Рамаллага барган тышкы иштер министри Чавушоглуну кабыл алды.

Жолугушууда Палестина маселеси жана аймактагы учурдагы абалга баа берилди. Президент Режеп Таййип Эрдогандын саламын Аббаска жеткирген Чавушоглу Палестинанын лидерин Түркияга чакырды.

Махмуд Аббас болсо жолугушууда Түркиянын Палестина калкына көрсөткөн колдоосуна жогору баа берди.

Түркиянын Палестина элине жана анын адилет укуктарына көрсөткөн колдоосун мактаган Аббас Палестина-Түркия биргелешкен комитетинин ишин улантуусунун жана палестин-түрк элдеринин ортосундагы карым-катнаштарды бекемдөөнүн маанисин баса белгиледи.

Аббастын кабыл алуусунун алдында палестиналык кесиптеши Рияд аль-Малики менен жолуккан жана тышкы иштер министрлеринин деңгээлиндеги Түркия-Палестина биргелешкен комитетинин экинчи жыйналышына катышкан Чавушоглу бүгүн Израилде сүйлөшүүлөрдү өткөрөт.

Израилде тышкы иштер министри Яир Лапид жана делегациялардын ортосунда боло турган жолугушууларда эки тараптуу карым-катнаштар менен бирге аймактык жана глобалдык маселелердин каралышы пландалууда.



Тектеш кабарлар