Түркия Тажикстандагы абалдардан тынчсызданууда

Тажикстандын ички иштер министрлигинен берилген маалыматта Рушан районунда уюмдашкан кылмыш тобунун ичинде аскерлер болгон конвойго жасаган кол салуусунда 1 офицер каза болуп, 13 аскердин жаралангандыгы билдирилген.

1830123
Түркия Тажикстандагы абалдардан тынчсызданууда

Түркия Тажикстандын чыгышындагы Тоолуу Бадахшан автономиялуу аймагында болуп жаткан абалдарды тынчсыздануу менен иликтеп жаткандыгын билдирди. 

Тышкы иштер министрлигинен берилген жазуу түрүндөгү маалыматта Тажикстандын Тоолуу Бадахшан автономиялуу аймагында болгон жана коопсуздук кызматкрелери да болгон өлүм  -  житим жана жараланууларга себеп болгон абалдардан тынчсыздануулардын болуп жаткандыгы белгиленди.

Маалыматта : "Окуяларда каза болгондорго Аллахтын ырайымын, кайгылуу үй  - бүлөлөргө жана боордош Тажикстанга көңүл айтабыз жана жаралуулардын бат айыгып кетишин каалайбыз",- деп билдирилди. 

Тажикстан мекемелери  18 -  майда өлкөнүн Тоолуу Бадахшан автономиялуу аймагында уюмдашкан кылмыштуу топко карата жүргүзүлгөн операцияда 8 кишинин өлтүрүлгөндүгүн, 70тен ашуун кишинин кармалгандыгын билдирген. 

Тажикстандын ички иштер министрлигинен берилген маалыматта Рушан районунда уюмдашкан кылмыш тобунун ичинде аскерлер болгон конвойго жасаган кол салуусунда 1 офицер каза болуп, 13 аскердин жаралангандыгы билдирилген. 

 

 



Тектеш кабарлар