Хулуси Акар кечээ Пакистандын премьер - министри менен жолугушту

Жолугушууда аймактык коргонуу жана коопсуздук маселелери каралып, коргонуу өнөр жайында кызматташуу мүмкүнчүлүктөрүнө токтолушту.

1830071
Хулуси Акар кечээ Пакистандын премьер  - министри менен жолугушту

Улуттук коргоо министри Хулуси Акар Пакистандын премьер- министри Шахбаз Шариф менен жолугушту. Акар менен премьер- министр Шариф кечээ Карачи портунда катышкан Пакистан МИЛГЕМ (улуттук кеме) долбоорунун үчүнчү кемеси Бадрдын деңизге кирүү аземинен кийин жолугушту.

Жолугушууда аймактык коргонуу жана коопсуздук маселелери каралып, коргонуу өнөр жайында кызматташуу мүмкүнчүлүктөрүнө да токтолушту.

Акар жолугушууда Түркия менен Пакистандын ортосундагы байланыштар менен эки өлкөнүн элдеринин кайгы жана кубанычтарынын бир экендигине басым жасап,Түркиянын Кашмир тууралуу колдоосу президент Режеп Таййип Эрдоган тарабынан дайыма айтылып келгендигин билдирди.

Хулуси Акар Түркия жана Пакистандын ортосундагы аскердик кызматташуунун дагы да бекемделишинин маанисине токтолду. Жолугушууга Пакистандын коргонуу боюнча өндүрүш министри Мухаммед Ысрар Тарин менен Түркиянын Исламабад элчиси Ихсан Мустафа Юрдакул да катышты.

 

 

 



Тектеш кабарлар