Президент Эрдоган 19 - майга карата куттуктоо жарыялады

Президент Режеп Таййип Эрдоган түрк жаштыгынын потенциалына ишенгендигин билдирди.

1829215
Президент Эрдоган  19 -  майга карата куттуктоо жарыялады

Президент Режеп Таййип Эрдоган түрк жаштыгынын потенциалына ишенгендигин билдирди.

Эрдоган 19 -  Май Ататүрктү эскерүү, жаштар жана спорт майрамынан улам куттуктоо жарыялады.

Президент Эрдоган куттуктоосунда Ататүрктүн түрк жаштарына тартуулаган 19 - майдын улуттун чечкиндүүлүгүн жана эгемендүүлүккө болгон сүйүүсү бүткүл дүйнөгө жар салынган жана каршылык рухунун жанданган күнү болгонун белгиледи.

1919 -  жылы 19 -  майда түрк улутунун колонизатор баскынчы күчтөргө бирдикте каршы туруп, акыркы жана түбөлүктүү мамлекети Түркия Республикасынын курулушу үчүн жапа тырмак күрөшүүгө киришип, каармандыктарды көрсөткөндүгүн, акырында ыйык жеңишке жеткендигин айткан Эрдоган : «Бүгүн да тарыхыбыздан алган күч жана көз карандысыздык руху менен келечекке карай бара жатабыз. Түркиянын өнүгүшүн жана өсүшүнө тоскоол болгондорго каршы күрөшүүдөбүз. Чоң жана күчтүү Түркияны курууга болгон дилгирлигибизди сактап, эң маанилүү мүмкүнчүлүк катары көргөн жаштарыбызды ар тармакта колдоп, аларга мүмкүнчүлүктөрдү сунуштайбыз»,-деди.

Эрдоган : «Улуттук аң  - сзимге ээ жаштарыбыз үчүн бардык күчүбүз менен иштеп, түрк жаштыгынын потенциалына ишенебиз.

Өлкөүздүн 2023 -  жылдагы максаттары жана 2053 -  жылдагы көз караштарын турмушка ашыруу үчүн жаштарыбыз менен бирдикте басууну улантабыз. Бул ойлор менен 19 -  Май Ататүрктү эскерүү, жаштар жана спорт майрамы менен куттуктап, Гази Мустафа Кемал Ататүрк башта болгон боштондук согушубуздун бардык каармандарын урмат  - сый менен эскерем»,- деди.



Тектеш кабарлар