Эрдоган: «Дүйнө жүзү Түркиянын кадамдарын жакындан байкоодо»

Президент Режеп Таййип Эрдоган Президенттиктин Бештепе көргөзмө залында айыл өкмөт башчыларына кайрылды.

1765284
Эрдоган: «Дүйнө жүзү Түркиянын кадамдарын жакындан байкоодо»

Президент Режеп Таййип Эрдоган, жаңы типтеги коронавирус (Ковид-19) эпидемиясынан улам пайда болгон белгисиздик күчөгөн сайын Түркиянын алдындагы мүмкүнчүлүктөрүн пайдага айлантышын улантканын, дүйнөнүн болсо Түркиянын кадамдарын жакындан байкап жатканын айтты.

Президент Эрдоган Президенттиктин Бештепе көргөзмө залында айыл өкмөт башчыларына кайрылды.

Айыл өкмөт башчылар жыйынын 2,5 жылдык тыныгуудан кийин 51-жыйын менен кайрадан башташкандарын баса белгилеген Эрдоган, айыл өкмөт башчылар жыйынынын өлкөнүн эң чоң жана эң кеңири демократия шаан-шөкөттөрдүн бири катары саясий тарыхка киргенин айтты.

Сөзүндө өлкөнүн улуттук коргонуу өнөр жайында жеткен чекитине токтолгон Эрдоган, Түркиянын азыр өз  учактарын жана учкучсуз учуучу аппараттарын жасап жатканын баса белгилеп:«Буларды бизден ким сурап жатканын билесиздерби? «Колунан келбейт» деген чоң өлкөлөр бул учактарды бизден сурап жатышат»,-деди.

Террор менен ийгиликтүү күрөшкө токтолгон Эрдоган: «Террордук уюмдардын уюгуна кирүү менен биз аларды кыйраттык, жок кылуудабыз»,-деп айтты.

Түркияны дүйнөнүн өндүрүш борбору кылгандарын баса белгилеген Эрдоган: «Биз өлкөбүздү дүйнөнүн алдыңкы 10 экономикасынын катарына киргизүү максатыбызды улантуудабыз»,-деди.

Эпидемия процессинде Түркиянын башка өлкөлөрдөн оң жол менен бөлүнгөнүн баса белгилеген Эрдоган:«Эпидемиядан улам пайда болгон белгисиздик күчөгөн сайын Түркиянын алдындагы мүмкүнчүлүктөрдү пайдага айлантууну улантууда. Дүйнө жүзү Түркиянын кадамдарын жакындан байкоодо»,-деди.



Тектеш кабарлар