Президент Эрдоган Айдында Батыш Кипаш кагаз заводунун ачылуу аземине катышты

Президент Р. Т. Эрдоган Түркиянын өсүп, күчтөнгөндүгүн жана дүйнөнүн эң чоң 10 экономикасынын бири болуу жолунда ишенимдүү кадамдар менен алдыга жылгандыгын айтты.

1763125

Эрдоган Айдында Батыш Кипаш кагаз заводунун ачылыш аземине катышты.

Түркиянын Африканын, Азиянын жана Европанын өндүрүш борбору экенин билдирген президент : «Түркия өнөр жай өндүрүш индекси 144 пайыздык деңгээлге жеткен өлкө. Эпидемияга  (Ковид  - 19) карабастан 2, 7 миллион кошумча жумуш менен камсыз кылган өлкө. Түркия өсүп жатат, күчтөнүп жатат. Дүйнөнүн эң чоң 10 экономикасы болуу жолунда ишенимдүү кадамдар менен алдыга жылууда»,- деди.

Эрдоган жаңы ачылган Батыш Кипаш кагаз заводу тууралуу : «Экологиялык таза өндүрүш аң  - сезими  менен иштей турган завод жашыл трансформацияга да маанилүү салым кошот. Өлкөбүздүн 250 миллион долларлык кагаз импортун токтото турган мекеме ошол эле учурда 200 миллион долларлык экспортту да ишке ашырат»,-деди.

Тектеш кабарлар