Немистердин эс алуу үчүн тандоосу Түркия
Быйыл эс алуу үчүн немистердин 18 пайызы Түркияны тандашты.
Немистердин эс алуу үчүн быйыл апрель-май айларына карата резервацияларынын 18 пайызы түрк жээктери түздү.
Деңизи, күнү, табияты, тейлөө сапаты жана берген ишеними менен Түркия чет элдик туристтердин да эң негизги тандоолорунун арасында.
Европанын эң чоң туризм порталдарынын бири жарыялаган отчетко караганда, быйыл эс алуу үчүн немистердин 18 пайызы Түркияны тандашты.
Түркиянын туристтик агенттиктер ассоциациясынын башкаруу кеңешинин мүчөсү Хамит Кук, коронавирус (Ковид-19) пандемиясында коопсуз туризм сертификатын эң жакшы колдонгон өлкө Түркия экенин белгилеп: «Бул да бизди берки багыттарда алдыңкы планга чыгарууда»,-деди.
Хамит Кук быйыл 5 миллион немис туристинин Түркияда эс алуусу күтүлгөнүн белгиледи.
Тектеш кабарлар
Эрдоган Парламенттер аралык Кудс платформасында сөз сүйлөдү
Палестина калкынын бүгүнкү күндө тарыхтын эң ырайымсыз зулумдарына дуушар болгонун айтты.