Ирак менен Сириянын түндүгүндө террористтер жок кылынууда
Бул тууралуу маалымат Улуттук коргоо министрлигинин Твиттер баракчасында жасалган билдирүүдө орун алды.
Ирактын түндүгүндөгү Чеңгел-Чагылган операциясы жүргүзүлгөн аймакта жикчил террордук уюм ПККга мүчө 2 террорист жана Сириянын түндүгүндөгү Тынчтык булагы аймагына кол салууга аракет кылган жикчил террор уюму ПКК/ЙПГга мүчө 1 террорист аныкталып жок кылынды.
Улуттук коргоо министрлигинин Твиттер баракчасында жасалган билдирүүдө, «Террор менен күрөшүбүз таасирдүү жана чечкиндүү түрдө уланууда! Ирактын түндүгүндөгү Чеңгел-Чагылган аймагында аныкталган жикчил террордук уюм ПККга мүчө 2 террорист жана Сириянын түндүгүндөгү Тынчтык булагы аймагына кол салууга аракет кылган жикчил террор уюму ПКК/ЙПГга мүчө 1 террорист жок кылынды»,делди.
Тектеш кабарлар
Эрдоган Парламенттер аралык Кудс платформасында сөз сүйлөдү
Палестина калкынын бүгүнкү күндө тарыхтын эң ырайымсыз зулумдарына дуушар болгонун айтты.