Сарыкамыш шейиттери үчүн 10 000 киши жөө жүрүшкө чыкты
Карста Сарыкамыш кыймылынын 107 жылдыгына карата иш – чарада 10 000 киши суукка карабастан түрк байрактары жана факелдер менен жүрүшкө чыгышты.
Карста Сарыкамыш кыймылынын 107 жылдыгына карата иш – чарада 10 000 киши суукка карабастан түрк байрактары жана факелдер менен жүрүшкө чыгышты. Сарыкамыш районундагы Казым Карабекир Паша мечитинде шейиттер үчүн өткөрүлгөн Мевлид-и Шерифтен кийин миңдеген жаран түрк байрактары жана факелдер менен Сарыкамыш 15 - Июль Демократия аянтына чогулушту.
Ыр жана музыка уктуруусунан кийин диний ырлар аткарылган программада-10 градус суукка карабстан 10 000 киши такбирлер менен жөө жүрүшкө чыкты. Жандармерия жана жээк коопсуздук академиясынан аскерлер да факелдер менен жүрүшкө катышты.
Жүрүшкө катышкандар 3 километр баскандан кийин Жогорку Сарыкамыш шейиттигинде даярдалган «Бейпил жатыңыздар» деген жазууну факелдер менен күйгүзүштү.
Карс губернатору жана мэрдин орун басарыТүркер Өксүз сөз сүйлөп, Сарыкамыш шейиттерин ыраазычылык менен эскеришкендерин айтып : «Бүгүн бизге калтырган бул өлкөнү биз да алар калтырган чоң аманат катары түбөлүккө жашатабыз»,- деди.
Тектеш кабарлар
Эрдоган Казакстандын премьер-министрин кабыл алды
Казакстандын премьер-министри Олжас Бектенов Анкарага келди.