Түркия менен Армениянын ортосунда биринчи жолугушуу

Тышкы иштер министрлиги маалымат берди.

1757823
Түркия менен Армениянын ортосунда биринчи жолугушуу

Түркия Армения менен атайын өкүлдөрдүн биринчи жолугушуусунун 14-январда Орусиянын борбор шаары Москвада боло турганын билдирди.

Тышкы иштер министрлигинен берилген жазуу түрүндөгү маалыматта : «Түркия менен Армениянын атайын өкүлдөрүнүн ортосундагы биринчи жолугушуу 2022-жылдын 14-январында Москвада өткөрүлөт»,-деп кабарланды.

Түркиянын Вашингтондогу мурдагы элчиси Сердар Кылыч 15-декабрда Армения боюнча атайын өкүл болуп дайындалган.

Армения парламентинин төрага орун басары Рубен Рубинян да Армения менен Түркиянын ортосундагы диалог процессинин алкагында атайын өкүл болуп дайындалган болчу.



Тектеш кабарлар