Акар Косоводо

Хулуси Акар расмий сапарынын алкагында Косовонун борбор шаары Приштинадагы жолугушууларынан кийин Призренге барып, Косово түрк өкүлчүлүгүнүн төрагалыгында иликтөөлөрдү жүргүздү.

1754551
Акар Косоводо

Улуттук коргоо министри Хулуси Акар: «Балкан өлкөлөрүндөгү өзгөчө дос жана боордош Босния-Герцеговина менен Косоводогу окуяларды жакындан байкап турабыз. Бул жердеги боордошторубуздун бейпилдиги, тынчтыгы жана коопсуздугу бизди кубандырууда»,-деди.

Хулуси Акар расмий сапарынын алкагында Косовонун борбор шаары Приштинадагы жолугушууларынан кийин Призренге барып, Косово түрк өкүлчүлүгүнүн төрагалыгында текшерүү жана иликтөөлөрдү жүргүздү.

«Султан Мурат» казармасына келгенде аземдеги аскерлер менен саламдашкан Акар, иш-аракеттери тууралуу маалымат алып, көрсөтмөлөрдү берди.

Акар андан кийин казармадагы түрк аскерлери менен жолугуп, ийгиликтүү иштеринен улам куттуктады.

Улуттук коргоо министри Акар: «Балкан өлкөлөрүндөгү өзгөчө дос жана боордош Босния-Герцеговина менен Косоводогу окуяларды жакындан байкап турабыз. Бул жердеги боордошторубуздун бейпилдиги, тынчтыгы жана коопсуздугу бизди кубандырууда. Ушул жакын мамилебизди улантуу менен колубуздан келишинче салым кошуубуз керек. Косоволук бир туугандарыбыздын НАТО жана Европа, Атлантика мекемелери менен интеграциясына эң жакшы салымыбызды коштук жана мындан ары да салым кошууну улантабыз»,-деди.

Хулуси Акар андан соң Косоводогу жалгыз түрк муниципалитети болгон Мамушага барды.

Бул жерде жарандардын чоң кызыгуусун көргөн Акар муниципалитетти зыярат кылып, мэр Абдулхади Краснич менен кезикти.

Чанаккале Шейиттигин да зыярат кылган Акар, Ататүрк лицейине барып окуучулар менен жолугушту.



Тектеш кабарлар