Акар Косоводо бир канча жерге барды
Улуттук коргоо министри Хулуси Акар Осмон султаны Биринчи Мурад Худавендигардын күмбөзүнө жана Косовонун улуттук баатыры Адем Жашаринин күмбөзүнө зыярат кылды.
Улуттук коргоо министри Хулуси Акар Осмон султаны Биринчи Мурад Худавендигардын күмбөзүнө жана Косовонун улуттук баатыры Адем Жашаринин күмбөзүнө зыярат кылды.
Косоводо расмий жолугушууларды өткөргөн Хулуси Акар бир нече жерге барды.
Баш калаасы Приштинага жакын жердеги Осмон султаны Мурад Худавендигардын күмбөзүн зыярат кылган министр Акар андан кийин Преказга өттү.
Косово боштондук армиясынын негиздөөчүлөрүнүн жана командирлеринин бири, Косовонун улуттук баатыры Адем Жашари жана анын үй-бүлөсүнүн бейитине зыярат кылып, гүлчамбар койгон Акарды Косовонун коргоо министри Арменд Мехаж коштоп жүрдү.
Хулуси Акар Косоводо президент Вйоса Османи жана премьер-министр Албин Курти менен өз-өзүнчө жолугушту.
Тектеш кабарлар
Эрдоган Парламенттер аралык Кудс платформасында сөз сүйлөдү
Палестина калкынын бүгүнкү күндө тарыхтын эң ырайымсыз зулумдарына дуушар болгонун айтты.