Шентоп Албания парламентинин спикери Николла менен жолугушту

Мустафа Шентоп Түркия Улуу Улуттук Жыйынында Албания парламентинин спикери Линдита Николла жана аны коштогон делегация менен жолугушту.

1753872
Шентоп Албания парламентинин спикери Николла менен жолугушту

Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын (TBMM) төрагасы Мустафа Шентоп, өзгөчө Босния-Герцеговина жана Косово менен байланышкан маселелерде Европа Биримдигинин (ЕБ) жоопкерчиликти алышы керектигин айтты.

Мустафа Шентоп Түркия Улуу Улуттук Жыйынында Албания парламентинин спикери Линдита Николла жана аны коштогон делегация менен жолугушту.

Шентоп албан кесиптеши менен жекеме-жеке жолугушуу өткөрдү. Андан соң делегациялардын жолугушуусу башталды.

Шентоп бул жерде сүйлөгөн сөзүндө Албания менен албан элинин түрк улутунун жүрөгүндө өзгөчө орду бар экенин белгилеп, эки тараптуу карым-катнаштардын стратегиялык өнөктөштүк деңгээлине көтөрүлүшүнө канагаттангандыгын билдирди.

Шентоп, Түркиянын 2021-жылдын 9 айында 600 миллион доллардан ашык инвестиция жана подряддык кызматтарды кошкондо жалпы 3,5 миллиард доллар инвестиция менен Албаниядагы эң чоң чет элдик инвестор экенин баса белгилеп:«Албанияда иштеп жаткан биздин 600дөн ашуун компаниябыз 15 000ге жакын адамды жумуш менен камсыз кылат. Биздин максат соода көлөмүбүздү бир миллиард долларга жеткирүү»,-деп айтты.

Албаниянын Европа Биримдигине мүчөлүк процессин колдогондорун белгилеген Шентоп: «Евробиримдиктин чечим кабыл алуудагы кечеңдеши жана бул процесстерде көз карашынын жоктугу, өзгөчө Балкан өлкөлөрүндөгү көптөгөн маселелерге терс таасирин тийгизүүдө»,-деди.

Шентоп, өзгөчө Босния-Герцеговина жана Косово менен байланышкан маселелерде Европа Биримдигинин жоопкерчиликти алышы керектигин айтты.

Албания парламентинин спикери Николла да 2019-жылы Албанияда болгон жер титирөөдө Түркиянын жардамы үчүн ыраазычылык билдирди.



Тектеш кабарлар