Чавушоглу: «Тышкы саясаттагы приоритетибиз дипломатия»

Чавушоглу Эл аралык коопсуздук академиясындагы жабылыш сессиясына катышып сөз сүйлөдү.

1751991
Чавушоглу: «Тышкы саясаттагы приоритетибиз дипломатия»

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу, Түркиянын кеңири аймакта дипломатиялык демилге үстөмдүгүнө негизделген чыныгы тышкы саясатты жүргүзүп жатканын белгиледи.

Чавушоглу Эл аралык карым-катнаштар кеңеши ассоциациясы (UIK) тарабынан онлайн түрдө уюштурулган Эл аралык коопсуздук академиясындагы жабылыш сессиясына катышып сөз сүйлөдү.

Орусия менен Украинанын, Орусия менен НАТОнун ортосундагы атаандаштыктын кооптуу деңгээлге жеткенин белгилеген Чавушоглу: «Биз Орусия менен кеңири мамилебиз бар деп эле Украина менен жакын мамилебизди көз жаздымда калтыра албайбыз. Ушул сыяктуу көптөгөн татаал теңдемелерде биз мезгилдин духу жана улуттук коопсуздугубуз талап кылган нерселерди кылабыз. Бул оор иш, бирок дипломатия да ушул үчүн бар»,-деп айтты.

Тышкы саясатты улуттук баалуулуктар жана кызыкчылыктар, аянттагы фактылар, мүмкүнчүлүк жана жөндөмдөр боюнча түзгөндөрүн баса белгилеген Чавушоглу, дипломатияны принциптерден тайбай реалдуу мамиле менен жүргүзүшкөнүн айтты.

Улуттук коопсуздуктун эң маанилүү кепилдигинин Түркиянын токтотуучу күчү экенин белгилеген Чавушоглу, токтотуучу күчкө ээ болуу үчүн аскердик күч, калк жана экономикалык күч сыяктуу элементтерден тышкары таасирдүү дипломатиянын да талап кылынганына көңүл бурду.

Кеңири аймакта дипломатиялык демилге үстөмдүгүнө негизделген чыныгы тышкы саясатты карманышкандарын баса белгилеген Чавушоглу: «Бизде окуялардын бизди башкарышына жол бербестен, реактивдүү эмес дипломатияга проактивдүү мамиле бар»,- деди.

Дипломатияга ар дайым артыкчылык бергендерин жана муну уланта тургандарын белгилеген Чавушоглу, Ливиядан Чыгыш Жер Ортолук деңизге жана Сирияга чейин «биринчи кезекте дипломатия» деп айткандарына басым жасады.

Чавушоглу: «Дипломатия туңгуюкка кептелгенде да биз аянтта болдук. Бул чечкиндүүлүк биздин улуттук күчкө болгон көз карашыбызды бир топ жогорулатты. Аймагыбызда гана эмес, бүткүл дүйнөдө»,- деп билдирди.



Тектеш кабарлар