Чавушоглу беларустук кесиптеши менен сүйлөштү

Чавушоглу ЕККУнун Министрлер кеңешинин 28-жыйынына катышуу үчүн барган Стокгольмдо Макей менен жолугушуу өткөргөн болчу.

1751200
Чавушоглу беларустук кесиптеши менен сүйлөштү

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу Беларустун тышкы иштер министри Владимир Макей менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Министрликтен алынган маалыматка караганда, Чавушоглу менен кесиптеши Макейдин телефондук сүйлөшүүсүндө эки тараптуу карым-катнаштар каралды.

Чавушоглу 1-декабрда Европа Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун (ЕККУ) Министрлер кеңешинин 28-жыйынына катышуу үчүн барган Швециянын борбор шаары Стокгольмдо Макей менен жолугушуу өткөргөн. 

Тышкы иштер министри Чавушоглу жолугушууга байланыштуу Твиттер баракчасынан билдирүү жасап: «Биз Макей менен мамилебизди, аймактардагы окуяларды жана мыйзамсыз миграцияны талкууладык»,- деген болчу. 



Тектеш кабарлар