Алтун: «Эрдоган ар дайым элдин укугун коргогон»

Президент Эрдогандын кечээки кабинет жыйынынан кийин жарыялаган сүйүнчүсү менен валюта курсу ылдам төмөндөдү.

1750437
Алтун: «Эрдоган ар дайым элдин укугун коргогон»

Президенттиктин Коммуникация башкармалыгынын башчысы Фахреттин Алтун, президент Режеп Таййип Эрдогандын ар дайым элдин укугун коргогонун белгиледи.

Президент Эрдогандын кечээки кабинет жыйынынан кийин жарыялаган сүйүнчүсү менен валюта курсу ылдам төмөндөдү.

Коммуникация башкармалыгынын башчысы Фахреттин Алтун социалдык медиа аркылуу «Дагы туура чыкты» хэштеги менен бул темага байланыштуу билдирүү жасады.

Президент Эрдогандын ар дайым элдин укугун коргогонун белгилеген Алтун: «Анын күчтүү жана чечкиндүү күрөшүнүн чордонунда, улутубуздун жыргалчылыгын камсыз кылуу жана өлкөбүздү көз карандылыктын тузагынан куткаруу турат», - деди.

Алтун Эрдогандын эч качан жолунан кайтпаганын баса белгиледи.


Этикеткалар: #валюта курсу ылдам

Тектеш кабарлар