Түркиядан Филиппинге көңүл айтуу билдирүүсү жарыяланды

Түркиянын Тышкы иштер министрлигинин Филиппиндеги тайфунга байланыштуу билдирүүсү жарыяланды.

1749701
Түркиядан Филиппинге көңүл айтуу билдирүүсү жарыяланды

Түркия Филиппиндеги тайфундан каза болгондор үчүн көңүл айтуу билдирүүсүн жарыялады.

Тышкы иштер министрлигинин Филиппиндеги тайфунга байланыштуу билдирүүсүндө, «Филиппиндин борбордук жана түштүк аймактарын каптаган Одетта тайфунунун көптөгөн адамдардын өлүмүнө жана жүз миңдеген адамдардын үй-жайын таштап кетишине терең кайгыруу менен көңүл айтабыз. Каза болгондордун жакындарына жана дос Филиппин элине жана өкмөтүнө көңүл айтабыз. Жабыркагандардын тезирээк сакайып кетишин каалайбыз», делди.

Эске сала кетсек Филиппинде «Рай» деп да аталган тайфундан улам келип чыккан апааттан эң аз 208 киши каза болуп, дайынсыз жоголгону айтылган эң аз 52 киши изделүүдө.

Кырсыктан өлкөдө болжол менен 780 миң киши жабыркап, 300 айыл эвакуацияланганы белгиленди.



Тектеш кабарлар