Эрдоган:«Биз Африка менен достукту жана кызматташтыкты өнүктүрүүгө өзгөчө маани беребиз»

Эрдоган борбор шаар Анкарадагы Президенттик китепканада Түркия-Африка өнөктөштүк саммитинин 3-жыйынынын алкагында африкалык жаштар менен жолугушту.

1749733
Эрдоган:«Биз Африка менен достукту жана кызматташтыкты өнүктүрүүгө өзгөчө маани беребиз»

Президент Режеп Тайып Эрдоган:«Биз Африка менен достукту жана кызматташтыкты өнүктүрүүгө өзгөчө маани беребиз»,-деди.

Эрдоган борбор шаар Анкарадагы Президенттик китепканада Түркия-Африка өнөктөштүк саммитинин 3-жыйынынын алкагында африкалык жаштар менен жолугушту.

Президент Эрдоган Африка континенти менен 10-кылымга чейин барган терең карым-катнаштардын бар экенин баса белгиледи.

Африканын 30 өлкөсүнө бардыгы болуп 50 жолу барганын эске салган Эрдоган, континенттин төрт тарабынан көп сандаган мамлекет жана өкмөт башчыларын, көбүн биринчи жолу Түркияда тосуп алгандарын айтты.

Бул жылы эле Сахарадан Түштүк Африкадан 38 жогорку деңгээлдеги делегацияны Түркияда тосуп алгандарын түшүндүргөн Эрдоган: «Арабыздагы алыстыкка карабастан, биз Африка өлкөлөрүн биздин жакын коңшуларыбыз жана туруктуу досторубуз деп эсептейбиз. Африка маселелери боюнча континенттеги өнөктөштөрүбүз менен бирдей көз караштабыз жана сезимталдыкты бөлүшөбүз.

Биз өзүбүздүн экономикалык мамилелерибизди тең укуктуу өнөктөштүктүн негизинде пайдага-пайда түшүнүгү менен курабыз. Түрк фирмалары Африка боюнча жалпы баасы болжол менен 70 миллиард доллардан ашкан 1150дөн ашык долбоорду ишке ашырышат.

Биздин континент боюнча инвестициянын наркы 6 миллиард доллардан ашат. Бул ишканаларда он миңдеген африкалык бир туугандарыбыз иштешет. Бирге жеңишке жетүүнүн батасына ишенген эл катары карым-катнаштарыбызды ушул окто алга жылдырабыз деп үмүттөнөм»,-деди.

Түркияда да, чет өлкөдө да көптөгөн долбоорлорду ишке ашырышкандарын белгилеген Эрдоган, 2012-жылдан бери ар башка институттар тарабынан ар түрдүү статустарда берилген стипендияларды «Түркия стипендиялары» деген аталыш менен кайрадан уюштурушкандарын айтты.

Эрдоган кыска убакытта чоң ийгиликке жеткен бул долбоор менен мурда 5-6 өлкө менен чектелген иштерди 180ден ашуун өлкөдө ишке ашырып жатышканын айтты.

Президент Түркия тарабынан берилген стипендия аркылуу университетти бүтүргөн жана бүгүнкү күндө өлкөсүнө кам көргөн саясатчы, бизнесмен, академик жана бюрократ катары кызмат кылган 70 миңден ашуун бүтүрүүчү бар экенин айтты.

Режеп Таййип Эрдоган, дүйнөнүн бештен чоң экенин, өзүн чоң деп эсептеген өлкөлөрдүн да муну кабыл ала турганын баса белгиледи.

Эрдоган: «Мындан чыга турган натыйжа; Бириккен Улуттар Уюмуна мүчө мамлекеттердин баары кезектешүү менен Бириккен Улуттар Уюмуна туруктуу мүчө болушат»,-деди.



Тектеш кабарлар