Ирактын түндүгүндө 3 террорист жок кылынды

Ирактын түндүгүндөгү террорго карата жүргүзүлгөн операциялар үзгүлтүксүз улантылууда.

1749344
Ирактын түндүгүндө 3 террорист жок кылынды

Ирактын түндүгүндө аныкталган ПККнын 3 террористи жок кылынды.

Ирактын түндүгүндөгү террорго карата жүргүзүлгөн операциялар үзгүлтүксүз улантылууда.

Улуттук коргоо министрлиги соцтармактан берген маалыматында «Чеңгел  -  Чагылган» жана «Чеңгел   -  Арстан» операциялары жүргүзүлгөн аймактарда 3 террористтин аныкталгандыгы жана ок атуучу жардамчы каражаттар менен жок кылынгандыгын жарыялады.

Бир тараптан «Эрен» операцияларынын негизинде 21 -  октябрда Сииртте жок кылынган ПККнын 4 террористинен бирөөсүнүн Интерпол тарабынан кызыл бюлетень менен изделгендиги белгиленди.

Ички иштер министрлигинен берилген маалыматта «Эрен – 13»  операцияларынын негизинде Сиирт облустук жандармерия командирлиги тарабынан 21 -  октябрда Эрух районунун элетинде террористтерге карата операция жүргүзүлгөндүгү билдирилди.

Маалыматта операцияда куралдары менен жок кылынган 4 террористтен бирөөсүнүн «Террордон изделгендер» тизмесинде 500 000 лирага чейин сыйлык сайылган боз категорияда орун алган жана Интерпол тарабынан кызыл бюлеттень менен изделген «Хердем Амед» каймана аттуу Вейсел Аккуш экендиги аныкталгандыгы билдирилди.

Маалыматта Вейсел Аккуштун 2004 -  жылдан бери террордук уюмдун ичинде  иш алып баргандыгы, өлкө ичи жана өлкө тышында бир топ тармакта жооптуу катары иш алып баргандыгы белгиленип, террористтин өткөн жылдарда Диярбакыр жана Эрзурумда болгон бир топ террордук кол салуунун аткаруучусу экендиги билдирилди.



Тектеш кабарлар