Элчи Өнал: «Украинанын айланасындагы чыңалууну дипломатия аркылуу басаңдатуу зарыл»

Элчи Седат Өнал София коопсуздук форумунун «Трансатлантикалык мамилелердин келечеги: Жаңы коопсуздук чакырыктарынын алкагында кызматташтыкты өркүндөтүү үчүн жаңы баракты ачуу» панелинде видео кайрылуу аркылуу катышуучуларга кайрылды.

1744431
Элчи Өнал: «Украинанын айланасындагы чыңалууну дипломатия аркылуу басаңдатуу зарыл»

Тышкы иштер министринин орун басары Элчи Өнал, Украинанын айланасындагы чыңалуунун потенциалдуу күчөшүнүн белгилери тынчсызданууга себеп болгонун айтты.

«Чыңалууну дипломатия аркылуу басаңдатуу зарыл», - деди ал.

Элчи Седат Өнал София коопсуздук форумунун «Трансатлантикалык мамилелердин келечеги: Жаңы коопсуздук чакырыктарынын алкагында кызматташтыкты өркүндөтүү үчүн жаңы баракты ачуу» панелинде видео кайрылуу аркылуу катышуучуларга кайрылды.

Кара деңиз аймагынын дагы бир жолу күн тартибинде экенине көңүл бурган Өнал: «Жээк жана аймактык мамлекеттер катары биз дүйнөнүн бул тарыхый стратегиялык аймагында тынчтыкты, коопсуздукту жана туруктуулукту сактоодо эң маанилүү ролго ээбиз. Мындан 30 жыл мурун Кара деңиз Экономикалык Кызматташтык Уюмунун түзүлүшү менен ачыкка чыккандай, коопсуздук концепциясы; экономикалык кызматташтык, өз ара көз карандылык жана өнүгүү менен колдоого алынышы керек»,-деп айтты.

Өнал ошондой эле аймактык менчиктин, эл аралык жакшы коңшулук эрежелерине жана принциптерине баш ийүү, мамлекеттердин аймактык бүтүндүгүн жана саясий биримдигин урматтоо, бардык жээктеш жана аймактык өлкөлөрдүн орток тагдырына бекем ишенүүнүн маанилүүлүгүн баса белгиледи.

Тышкы иштер министринин орун басары Өнал сөзүн улантып: «Учурдагы кырдаалда Украинанын айланасындагы чыңалуунун потенциалдуу күчөшүнүн белгилери олуттуу кооптонууну жаратууда. Бул маселе НАТОнун тышкы иштер министрлеринин Ригадагы жыйынынын да приоритеттүү темаларынын бири болгон. Жолугушууда баса белгиленгендей НАТО, принципиалдуу маселелер боюнча бекем жана жалпы позицияны көрсөтүп, өзүнүн толук тилектештигин жана тоскоолдугун сактап, ошону менен бирге бардык тараптарды зыян келтирүүчү жана чагымчыл аракеттерден алыс болууга чакырышы керек. Чыңалууну дипломатия аркылуу азайтуу жана акыл-эсти колдонуу зарыл»,-деди.



Тектеш кабарлар