Түркия Нигердеги кол салууну катуу айыптады
Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен жазуу түрүндө маалымат берилди.
Түркия Нигердин Мали менен чек арасындагы G5 Сахел биргелешкен күчтөрүнүн штабына жасалган террордук кол салууну катуу айыптады.
Тышкы иштер министрлигинен берилген жазуу түрүндөгү маалыматта Нигердин Тера/Тиллабери аймагындагы G5 Сахел биргелешкен күчтөрүнө бөлүнгөн базага болгон террордук кол салууда Нигер коопсуздук күчтөрүнүн 29 мүчөсүнүн каза болгондугу терең кайгыруу менен угулганы билдирилди.
Билдирүүдө: «Бул жийиркеничтүү террордук аракетти катуу айыптайбыз, кол салууда каза болгон аскерлердин үй-бүлөлөрүнө, дос жана боордош Нигер элине жана өкмөтүнө чын жүрөктөн көңүл айтабыз»,-деп айтылат.
Нигер медиасы G5 Сахел күчтөрүнүн штаб-квартирасына кечээ белгисиз куралчан адамдар кол салганын жарыялады.
Алгачкы маалыматтарга караганда кол салууда 29 аскер, андан кийинки кагылышууда 79 террорист жок кылынды.
Тектеш кабарлар
Эрдоган Казакстандын премьер-министрин кабыл алды
Казакстандын премьер-министри Олжас Бектенов Анкарага келди.