Эрдоган Түштүк Кипрге: «Саботаждын чыгымы үчүн оор жооп бересиз»

Президент Эрдоган Катар сапарынын алдында Стамбулдагы «Ататүрк» аэропортунда билдирүү жасады.

1743770
Эрдоган Түштүк Кипрге: «Саботаждын чыгымы үчүн оор жооп бересиз»

Президент Режеп Таййип Эрдоган, Түштүк Кипр Рум башкаруучулугундагы мечитке жасалган кол салууга байланыштуу: «Биздин ибадатканаларыбызга мындай саботаж жасаганыңыз үчүн сиз буга оор жооп берип каласыз. Биз алардын артында ким турганын издеп жатабыз»,-деди.

Президент Эрдоган Катар сапарынын алдында Стамбулдагы «Ататүрк» аэропортунда билдирүү жасады.

Түштүк Кипр Рум башкаруусундагы мечитке жасалган расисттик кол салууга каршылык көрсөткөн Эрдоган: «Түштүк Кипрдеги бул операция жоопсуз калбайт. Түндүк Кипр Түрк Республикасынын Президенти Эрсин Татардын билдирүүсүнө кошулабыз. Биздин ийбадатканаларыбызга мындай саботаж жасаганыңар үчүн өтө оор жооп берип каласыз. Алардын артында кимдер турганын издеп жатабыз. Бул мечиттердин кепилдиги Түштүк Кипр башкаруусунда»,-деп айтты.

Түндүк Кипр Түрк Республикасынын Дин иштери боюнча төрагалыгынын билдирүүсүндө 2-декабрдын кечинде Ларнака Улуу мечитине жийиркеничтүү кол салуу болгондугу белгиленди.

Кол салууда жарадар болгон жана каза болгондордун болбогону белгиленген билдирүүдө Рум полициясы тарабынан жүргүзүлгөн иликтөөнүн натыйжасында 1 кишинин камоого алынганы белгиленди.

Президент Эрсин Татар жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, Кипр темасында келишимге байланыштуу Кипр рум тарабы менен диалог чакырыктары улантылып, Ларнакадагы Улуу мечитти өрттөө аракетин катуу айыптады.

Татар, өткөндөгү кол салуулар менен Ларнака Улуу мечитинин өрт чыгарылып өрттөлүүгө аракет кылынгандыгын, акыркы кол салуу да рум акылынын өзгөрбөгөнүн дагы бир жолу көрсөткөнүн белгилеп: «Ошондой эле 1963-1974-жылдары жүздөгөн мечиттерибизге кол салуу болуп, талкаланганын эске сала кетели»,-деген сөздөргө орун берди.



Тектеш кабарлар