Шентоп 5-Декабрь Эл аралык аялдардын укуктарын коргоо күнүнө карата куттуктоо билдирүүсүн жарыялады
Шентоп билдирүүсүн социалдык медиа эсебинде «#5aralık1934», «#seçmeseçilmehakkı» хэштегтери менен жарыялады.
1743156
Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын (TBMM) төрагасы Мустафа Шентоп, «5-Декабрь Эл аралык аялдардын укуктарын коргоо күнүнө» карата куттуктоо билдирүүсүн жарыялады.
Шентоп, социалдык медиа эсебинде «#5aralık1934», «#seçmeseçilmehakkı» хэштегтери менен жарыялаган билдирүүсүндө:«1934-жылдын 5-декабрында (Түркияда) көптөгөн Европа өлкөлөрүнөн мурда аялдардын депутаттыкка шайлоо жана шайлануу укуктарынын таанылышы демократия үчүн сыймык болуп саналат. Түркия Улуу Улуттук Жыйынындагы аял депутаттардын санынын көбөйүшү, келечекке карай жүрүштө бизди дагы да күчтүү кылат. Куттуу болсун»,-деген сөздү колдонгон.
Тектеш кабарлар
Эрдоган Парламенттер аралык Кудс платформасында сөз сүйлөдү
Палестина калкынын бүгүнкү күндө тарыхтын эң ырайымсыз зулумдарына дуушар болгонун айтты.