Шентоп миграция маселесинде кызматташууга чакырды

Шентоп Польшага сапарына байланыштуу журналисттердин суроолоруна жооп берди.

1742603
Шентоп миграция маселесинде кызматташууга чакырды

Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын төрагасы Мустафа Шентоп, Европа өлкөлөрү баш болгон дүйнө өлкөлөрү  чогулуп, миграция темасында жол картасын аныктоосу керектигин айтты.

Шентоп Польшага сапарына байланыштуу журналисттердин суроолоруна жооп берди.

Польшага сапарынын жемиштүү болгонун билдирген Шентоп, Түркия менен Польшанын ортосундагы карым-катнаштардын абдан жакшы деңгээлде экенин жана мындан ары да өнүктүрүш үчүн аракет кылып жатышканын айтты.

Шентоп, Польша-Беларусь чек арасындагы миграция кризиси тууралуу суроого бул маселенин эки өлчөмдүү экенин айтты.

Миграциянын дүйнөдө маанилүү бир көйгөй экенин баса белгилеген Шентоп: «Түркия 10 жылдан бери 5 миллионго жакын качкынды багып жатат. Түркия дүйнөдөгү мыйзамсыз миграция боюнча эң чоң көйгөйгө дуушар болгон өлкө. Бирок бул маселе белгилүү бир өлкөлөрдү, мигранттардын багытындагы, миграциянын булагы болгон коңшу өлкөлөрдү гана эмес бүткүл дүйнөнү кызыктырган глобалдуу маселе деп ойлойбуз»,-деди.

Бул темада ар кимдин өз жоопкерчилигин алышы керектигин белгилеген Шентоп: «Дүйнө мамлекеттери, өзгөчө Европа мамлекеттери чогулуп, миграция маселеси боюнча жол картасын аныкташы жана жоопкерчиликти кайсы бир мамлекеттердин мойнуна жүктөбөшү керек. Бул үчүн бүткүл дүйнө жооптуу; анткени ал өлкөлөрдү жашоого жараксыз кылып жаткан кээ бир чоң мамлекеттердин саясаты болуп жатат. Ошондуктан алар өздөрү жараткан көйгөй үчүн жоопкерчиликти алыш керек. Антпесе биз келерки жылдарда бүткүл дүйнөнү кыйынчылыкка алып келе турган олуттуураак көйгөйлөргө туш болушубуз мүмкүн»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар