Эрдоган - Бердимухаммедовдун пресс - жыйыны

Борбор шаар Ашхабаддагы Огузхан сарайында өткөрүлгөн аземде Эрдоган менен Бердимухамедов делегацияларын бири - бирине тааныштырышты.

1739607
Эрдоган  -  Бердимухаммедовдун пресс  - жыйыны

Президент Режеп Таййип Эрдоган расмий сапар менен барган  Түркмөнстанда президент Гурбангули Бердимухамедов тарабынан расмий азем менен тосуп алынды.

Борбор шаар Ашхабаддагы Огузхан сарайында өткөрүлгөн аземде Эрдоган менен Бердимухамедов делегацияларын бири - бирине тааныштырышты.

Президент Эрдоган менен Бердимухамедов расмий тосуп алуу аземинен кийин сүйлөшүүлөргө өтүштү. Эки лидер сүйлөшүүлөрдүн акырында келишимдерге кол коюу аземине катышты. 

Президент Эрдоган андан кийин Бердиммухаммедов менен биргелешкен жыйын өткөрүштү. Президент Эрдоган сөзүндө буларды айтты : "Ата журтубуз Түркмөнстанга келгенден бактылуумун. Түркмөнстандын  көз карандысыздыгынын 30 -  жылы менен дагы бир жолу куттуктаймын. Бир туугандык карым  - катнаштарыбыздын алкагында Түркмөнстанды жана ийгиликтүү жүргүзгөн көз карандысыздык статусун колдоону улантабыз". 

Эрдоган : "Бүгүн кол койгон келишим менен бир тууган Түркмөнстан менен карым  - катнаштарыбыздын келишимдик базасын бекемдедик. Соода көлөмөбүздү 5 миллиард долларга чыгарууда чечкиндүүбүз",- деди. 

Президент Эрдоган Түркмөнстандагы жолугушууларынын экинчи күнүндө Экономикалык Кызматташуу Уюмунун жыйынына катышат. 

Түркия куруучу мүчөсү болгон уюмда мүчө өлкөлөрдүн ортосундагы соода карым  - катнаштар талкууланат.

 



Тектеш кабарлар