Сирияда бир офицерибиз шейит болду

Улуттук коргоо министрлигинен берилген маалыматта Йылдырымдын «Тынчтык булагы» операциясы аймагында болгон кырсыкта жараланып ооруканага жеткирилгени, бардык жумшалган аракеттерге карабастан куткарыла албай шейит болгону билдирилди.

1737975
Сирияда бир офицерибиз шейит болду

Сирияда Түрк куралдуу күчтөрү тарабынан жүргүзүлгөн «Тынчтык булагы» операциясы аймагында кырсык менен атылган октун натыйжасында жөө аскер майору Мете Йылдырым шейит болду.

Улуттук коргоо министрлигинен берилген маалыматта Йылдырымдын «Тынчтык булагы» операциясы аймагында болгон кырсыкта жараланып ооруканага жеткирилгени, бардык жумшалган аракеттерге карабастан куткарыла албай шейит болгону билдирилди.

Билдирүүдө,«Бизди терең кайгы-капага салган бул окуяда каза болгон кымбаттуу шейитибизге Аллахтан ырайым тилеп, кайгыга баткан үй-бүлөсүнө, Түрк куралдуу күчтөрүнө жана асыл улутубузга көңүл айтып, сабыр тилейбиз»,-делди.



Тектеш кабарлар