Эрдоган Интерполдун жыйынына видео кайрылуу жолдоду

Эл аралык полиция уюмунун (Интерпол) Башкы Ассамблеясынын 89-жыйыны Стамбулда башталды.

1737421
Эрдоган Интерполдун жыйынына видео кайрылуу жолдоду

Президент Режеп Таййип Эрдоган, Фетуллахчы террор уюмунун (ФЕТӨ) качкан мүчөлөрү жана алардын лидерлеринин Түркияга кайтарылышы темасында башка өлкөлөрдөн күчтүү тилектештик күткөндөрүн айтты.

Эл аралык полиция уюмунун (Интерпол) Башкы Ассамблеясынын 89-жыйыны Стамбулда башталды.

Халич конгресс борборундагы ачылыш аземине ички иштер министри Сүлейман Сойлу да катышты.

Президент Эрдоган жыйынга видео кайрылуу жолдоду.

Эрдоган: «Өзгөчө ФЕТӨчү качкандардын жана жикчил уюмдун лидерлеринин өлкөбүзгө кайтарылышына байланыштуу күчтүү тилектештикти күтөбүз. (2016-жылдын 15-июлундагы төңкөрүш аракети менен) Демократияны бутага алган жана аял, бала, кары, мамлекеттик кызматкер дебестен күнөөсүз адамдарды кырган террористтердин эркин жүрүшүнө жол берилбеши керек»,-деди.

Быйылкы жыйынга министр, министрдин орун басары, кеңешчи, эл аралык уюмдун өкүлү деңгээлинде 160тан ашуун өлкөдөн өкүлдөр катышууда.

Башкы ассамблеянын алкагында Интерполдун төрагасы, төраганын орун басарлары жана Аткаруу комитетинин мүчөлөрү да Стамбулда өтө турган шайлоо менен аныкталат.



Тектеш кабарлар