Бириккен Араб Эмираттарынын мураскор принци Түркияга келет
Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө эки тараптуу мамилелерден тышкары актуалдуу аймактык жана эл аралык маселелер боюнча пикир алышуулардын болушу да күтүлүүдө.
Бириккен Араб Эмираттарынын мураскер принци шейх Мухаммед бин Заид Аль Нахайян эртең Түркияга келет.
Президенттиктин коммуникация башкармалыгынан берилген маалыматка караганда Абу - Дабинин мураскер принци шейх Мухаммед бин Заид Аль Нахаян президент Режеп Таййип Эрдогандын чакыруусу менен Түркияга расмий сапар менен келет.
Борбор шаар Анкарада боло турган жолугушууларда Түркия менен Бириккен Араб Эмираттарынын ортосундагы эки тараптуу карым-катнаштар бардык жагы менен каралат; кызматташтыкты өнүктүрүү үчүн ташталышы мүмкүн болгон кадамдар талкууланат.
Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө эки тараптуу мамилелерден тышкары актуалдуу аймактык жана эл аралык маселелер боюнча пикир алышуулардын болушу да күтүлүүдө.
Тектеш кабарлар
Эрдоган Парламенттер аралык Кудс платформасында сөз сүйлөдү
Палестина калкынын бүгүнкү күндө тарыхтын эң ырайымсыз зулумдарына дуушар болгонун айтты.