Түркия-Европа Биримдиги (ЕБ) биргелешкен консультациялык комитетинин жыйыны

Тышкы иштер министринин орун басары жана Европа Биримдиги боюнча башчы, элчи Фарук Каймакжы жыйындын ачылышындагы сөзүндө ЕБге мүчөлүк процессинде оң өзгөрүүлөр болгонун айтты.

1737193
Түркия-Европа Биримдиги (ЕБ) биргелешкен консультациялык комитетинин жыйыны

Түркия-Европа Биримдиги (ЕБ) биргелешкен консультациялык комитетинин 40-жыйыны Измирде башталды.

Тышкы иштер министринин орун басары жана Европа Биримдиги боюнча башчы, элчи Фарук Каймакжы жыйындын ачылышындагы сөзүндө ЕБге мүчөлүк процессинде оң өзгөрүүлөр болгонун айтты.

Позитивдүү күн тартибин улантууну үмүт кылгандарын билдирген Каймакжы: «Түркия чындыгында мурда турган жеринен алыстабай эле турат, бирок кээ бир мүчө мамлекеттердин аракеттеринен улам Түркия алыстатылып жатат. Түркиянын мүчөлүк көз карашы менен бааланышын сөзсүз каалайбыз»,- деди.

Фарук Каймакжы ПКК жана террор темасынын Түркия үчүн маанилүү экенин баса белгилеп: «Евробиримдиктин террордук уюмдар тизмесине ПККнын кириши биз үчүн маанилүү, бирок бул жетиштүү эмес. Бир эле ПККга эмес, ФЕТӨ сыяктуу террордук уюмдарга да ушундай мамиле кылуу керек. ДЕАШ, Аль-Каида жана радикалдашуу боюнча биргелешип иштешибиз керек»,-деп айтты.

Миграция темасынын да маанилүү кызматташтык экенин билдирген Каймакжы, ЕБ менен Түркиянын ортосундагы карым-катнашты миграция жана акча темасына түшүрүү мүмкүн эместигин айтты. Акчанын Түркияга эмес, Түркиядагы сириялыктарга берилгенин баса белгилеген Каймакжы, сириялык качкындардын Сириянын түндүгүнө кайтылышы үчүн кызматташтыктын зарыл экенин айтты.

Евробиримдиктин Түркия өкүлчүлүгүнүн башчысы, элчи Николаус Мейер-Ландрут Түркиянын Сирия кризисинин башталышынан бери миграция боюнча чындап эле жакшы кожоюндук кылганына көңүл буруп: «Учурда расмий маалыматтар боюнча 3,7 миллион сириялык иммигрант кабыл алынды. Түркияда иммигранттар үчүн ар кандай комитеттер түзүлдү. Ооганстанда канча иш жасалышы керектиги белгилүү, бул темада Түркиянын мыйзамсыз миграция агымын Беларусь аркылуу токтотуу абдан маанилүү болчу»,-деди.



Тектеш кабарлар