Эрдоган : "Бургулоо флотубузга төртүнчү кемебизди да коштук"

Президент Режеп Таййип Эрдоган Түркиянын бургулоо флотуна төртүнчү кеменин кошулганын айтты.

1735150
Эрдоган : "Бургулоо флотубузга төртүнчү кемебизди да коштук"

Президент Режеп Таййип Эрдоган Түркиянын бургулоо флотуна төртүнчү кеменин кошулганын айтты. Президент, Адилеттик жана өнүгүү партиясынын лидери  Эрдоган, партиясынын Түркия  Улуттук Парламентиндеги фракция жыйынында  сөз сүйлөдү.

Эрдоган : «Түркия 3  деңиз бургулоочу кеме жана 2 сейсмикалык изилдөө кемеси менен Жер Ортолук жана Кара деңизде геологиялык чалгындоо жана бургулоо иштерин  улантууда. Бургулоо флотубузга төртүнчү кемебизди коштук. Мындан тышкары, бул кеме башкалардан айырмаланып, жетинчи муун, заманбап жана эң алдыңкы технология менен жабдылган. Биз биринчи жолу биз колдоно турган жаңы кеме»,- деди.

Дүйнөдө бул класста 5 кеме бар экендигин айткан президент : «Алардын бири бизде. Узундугу 238 метр, туурасы 42 метр болгон жаңы кемебиз менен 3 665 метрге чейин тереңдикти бургулай алабыз. Чек  ара тышында да  иштөө мүмкүнчүлүгүнө жетиштик»,- деди.



Тектеш кабарлар