Чавушоглу: «Азербайжан жалгыз эмес, жалгыз болбойт. Биз Азербайжанды жалгыз калтырбайбыз»
Чавушоглу Бахрейндин тышкы иштер министри Абдуллатиф бин Рашид Алзаяни менен борбор шаар Анкарада биргелешкен маалымат жыйын өткөрдү.
Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу, Азербайжан-Армения чыңалуусуна байланыштуу: «Азербайжан жалгыз эмес, жалгыз болбойт. Биз Азербайжанды жалгыз калтырбайбыз. Армениянын провокациялары Азербайжандын аймагындагы террордук кол салуулары»,- деди.
Чавушоглу Бахрейндин тышкы иштер министри Абдуллатиф бин Рашид Алзаяни менен борбор шаар Анкарада биргелешкен маалымат жыйын өткөрдү.
Министр Чавушоглу: «Азербайжан Арменияга ар тараптуу тынчтык келишимин түзүүнү сунуштады. Башкача айтканда согушта жеңген жана күчтүү тарап муну аткарды. Армения болсо ок атышпоо келишиминен кийин дароо эле Азербайжандын аймагына айрым аскерлерин киргизип биздин аскерлерге кол салды. Бул мамилелер туура эмес»,-деп айтты.
Мевлүт Чавушоглу: «Аймакта тынчтык жана ырааттуулук үчүн биргеликте кадам таштайбыз. Эгерде Армения буга жетише алса, биз барбыз. Ал эми провокациялар менен утулат»,- деди.
Тектеш кабарлар
Эрдоган Парламенттер аралык Кудс платформасында сөз сүйлөдү
Палестина калкынын бүгүнкү күндө тарыхтын эң ырайымсыз зулумдарына дуушар болгонун айтты.